Футбол: Кыргызстан менен Япониянын беттешине билеттер сатылып бүттү

Футбол: Кыргызстан менен Япониянын беттешине билеттер сатылып бүттү

Кыргызстан менен Япония ортосундагы футболдук беттештин билеттери толугу менен сатылып бүттү. Бул тууралуу  Кыргызстандын Футбол федерациясы билдирди.

«Тилекке каршы биздин стадион бардык каалоочуларды батыра албайт. Ошондуктан күйөрмандарга Бишкектин эски аянтында кошумча аянтча ачылат”, — деп жазылат маалыматта.

Оюн 14-ноябрь күнү  саат 17:15те Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо башталат. Стадиондун эшиги оюн башталарына эки саат калганда ачылат.

Аталган беттеш 2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын алкагында өтөт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>