Гүлнара Каримовага дагы кылмыш иши козголду

Гүлнара Каримовага дагы кылмыш иши козголду

Өзбекстандын прокуратурасы маркум экс-президент Ислам Каримовдун кызы Гүлнара Каримовага карата дагы эки кылмыш иши козголгонун билдирди. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Өзбекстандын соту Гүлнара Каримованы “өлкөнүн кызыкчылыгына туура келбеген келишимдерди түзгөн”, “мамлекеттик казынага кол салган” жана “башка бирөөнүн байлыгын тартып алган” деген айыптарды койду. Аталган мамлекеттин прокуратурасы Каримовага карата кылмыш ишин эл аралык компаниялардын даттануусунун негизинде козгогон.

Ага карата 2017-жылы «Салык төлөөдөн качуу», «Акча уурдоо», «Опузалоо» жана «Офшордук компаниялардын документтерин жок кылуу» беренелери менен алгач 5 жылга кийинчерээк 10 жылга эркинен ажыратылган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>