Гапар Айтиев атындагы музейге жаңы директор дайындалды. Жангарачеванын ордун ким ээледи?

Гапар Айтиев атындагы музейге жаңы директор дайындалды. Жангарачеванын ордун ким ээледи?

Мамбетказиева Айгуль Токтобековна Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт искусство музейинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрилигинен маалымдашты.

Мамбетказиеваны аталган кызматка дайындоо буйругуна министр Азамат Жамангулов кол койду.

Аталган кызматтан Мира Жангарачева 2-декабрда арызын жазып кеткен.

Ал өз кызматкерлерин коргоо үчүн кызматтан кетүү тууралуу чечим кабыл алганын айткан.

“Кызматкерлериме коркутуулар болуп жатат. Мен окуя мынчалык чуу жаратат деп ойлогон эмесмин. Биздин коом барын артка кайтаргысы келет, бирок прогресс керек да. Биз дайыма аялдар жана алардын укугу тууралуу айтып туруубуз керек”, – деди Жангарачева.

Белгилей кетсек 28-ноябрда Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт искусство музейинде жылаңач денесин көрсөткөн кыздардын иш чарасы болуп өткөн.

Бул көрүнүш  социалдык тармактын колдонуучулары тарабынан кызуу талкууга алынып, интернет колдонуучулары музей жетекчилигинин кызматтан кетүүсүн талап кылган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>