Гонконгдо окуган кыргызстандык студенттердин ата-энелери бийликтен жардам сурайт

Гонконгдо окуган кыргызстандык студенттердин ата-энелери бийликтен жардам сурайт

Кытай мамлекетине караган Гонконг автономиялуу аймагында билим алып жаткан кыргызстандык студенттердин ата-энелери президент Сооронбай Жээнбековго жана Тышкы иштер министрлигине кайрылды.

Ата-энелер Гонконгдо болуп жаткан нааразычылык акциялардан улам балдарынын коопсуздугунан тынчызданышып, аларды Кыргызстанга кайтарып келүүгө бийликтен жардам сурашууда.

“Гонконгдо саясий абал курчуп кеткендиктен окуу жайлар чет өлкөлүк студенттерди кезексиз каникулга таратты. Мындай кооптуу кырдаалда балдарыбызды эсен-аман кайтарып келүүгө жардам берүүңүздү жана жол чыгымдарына материалдык жактан көмөк көрсөтүүңүздү суранабыз”, – деп жазылат алардын президенттин атына жазган кайрылуусунда.

Бийликтен жардам сурап кайрылгандардын бири Назгүл Карыева биринчи  курста билим алып жаткан кызы учурда атайын лагерде кармалып тургандыгын айтууда.

“Учурда окуу жайлар Гонконгдо окуган чет өлкөлүк студенттерди  кампустан чыгарып, коопсуз жайларга жиберип жатышыптыр. Мындан улам кыргызстандык студенттер ар кайсы жакка чачырап кетиптир. Айрымдары мейманканаларда айрымдары атайын лагерде экен. Учурда ал жакта абал коопту болгондуктан балдарыбызды чоугултуп аэропортко чейин алып келүүнү уюштурууга жана пландалбаган чыгымдарды төлөөгө бийлик тарабынан  жардам болсо жакшы болот эле. Биз бул тууралуу Тышкы иштер министрлигине да кайрылдык”, — деди Назгүл Карыева.

Ал арада Тышкы иштер министрлигигинин маалымат департаменти Гонконгдогу кыргызстандык студенттерге бир катар сунуштар берилгендиги тууралуу атайын билдирүү таратты.

«Биз Гонконгдо убактылуу жана туруктуу жашаган кыргызстандын жарандарына жашаган жана окуган жерин өз алдынча таштап, бакша жактарга кетпөөгө жана нааразычылык акцияларды интернет аркылуу талкуулоодон алыс болууга чакырабыз. Учурда Кыргызстандын Кытайдагы элчилиги Гуанчжоу шаарындагы башкы консулдук менен биргеликте Гонконгдогу кыргыз жарандары менен байланышта.”, — деп жазылат министрликтин билдирүүсү.

Ошондой эле министрлик Гонконгдон Казакстандын Алматы шаарына аптасына үч жолу каттам бар экени, Орусия аркылуу дагы каттамдар иштеп жатканын белгилеп өткөн.

Тышкы иштер министрлигине кайрылган ата-энелердин бири Назгул Сыдыгалиева министрликти жетиштүү чара көрбөй жатат деп сынга алды.

“Кыргызстандын Кытайдагы Элчилиги өздөрүнүн өкүлдөрүн Гонконгго жибербей, жада калса Элчиликтин атынан Гонконгдун бийлигинин атына же окуу жайлардын жетекчилигине эч кандай расмий кайрылуу жазышпаптыр. Болгону алар Whatsapp аркылуу эле студенттерди соороткон билдирүү жазып жатышат. Казакстандын бийлиги эбак эле сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, өздөрүнүн студенттерин чыгарып кетишиптир. Менин кызым 18-ноябрга чейин атайын лагерге барган, ал жерге барган башка студенттер өз өлкөлөрүнө кетип жаткандыктан кызым жалгыз калып, жергиликтүү курбусунун үйүнө барууга аргасыз болду.  Мен азыр жайы бою чогулткан өзүмдүн акчама билет сатып алайын деп жатам. Жалгыз бой аял болгондуктан чыгымдардын барын көтөрүү бир аз оор болууда”, — деди Садыгалиева.

Гонконгдо кылмышка шектүү адамдарды Кытайга экстрадиция кылуу мыйзам долбооруна каршы болуп миллиондогон адамдар бир нече айдан бери  нааразылык акцияларга чыгышууда. Акцияларга чыккандардын басымдуу бөлүгү жаштар, студенттер болгондуктан Гонконгдогу университеттер ишин токтоткон.

Полиция нааразылык акцияга чыккандар ар кандай куралдар менен коопсуздук кызматкерлерине каршылык көрсөтүп жатканын айтса, демонстранттар полициянын ашыкча күч колдонгондугун айтышууда.

Рубрики: КООМ , МАКАЛАЛАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>