Google менен Twitter саясий жарнамага чек коюга киришти. Facebook кошулган жок

Google менен Twitter саясий жарнамага чек коюга киришти. Facebook кошулган жок

Эми социалдык тармактарда саясий жарнама болбойт. Жарандардын тандоо укугу акчага сатылбоого тийиш. Мындай ураан менен Google және Twitter компаниялары саясий жарнамаларга чектөө кою аракетин баштады. Бул тууралуу батыш басылмалары жазышууда.

Ал эми Facebook компаниясы бул демилгени колдогон эмес.

Google саясий жарнамага чектөө коюп, анын эрежелерине бир катар өзгөртүү киргизген. Жаңы эрежеге ылайык аудиториянын жашына, жынысына жана  өлкөсүнө карап бул компаниядан жарнама тартууга болот

[su_note note_color=»#dad6d6″ text_color=»#141415″ radius=»1″]“Жаңы өзгөртүүлөр бир нече убактытты алат. Адегенде Британдагы шайлоо учурунда колдонуп көрөбүз. Тактап айтканда бир апта алдын жаңы эрежени Бириккен Королдуктун аймагына киргизебиз. Европа биримдигине болсо 2020-жылдын 6-январынан баштап жаңы саясий жаранамалар эрежеси иштеп баштайт”, — деген Google компаниясынын өкүлү Скотт Спенсер[/su_note]

Ал эми Twitter саясий жарнамага таптакыр чектөө койгон. Жаңы өзгөрүүлөр 30-ноябрдан баштап күчүнө кирет.

Компания жетекчиси Жек Дорсиддин айтымында, коомдук уюмдар менен саясий партиялар жарнамасыз калктын колдоосуна ээ болуусу керек.

Бул сунушту өткөн шайлоодо АКШ презденттигине талапкер болгон Хилари Клинтон да колдорун билдирген.

Facebook болсо саясий жарнама керек экенин билдирген. Компаниянын негиздөөчүсү Марк Цукербергдин айтмында, жарнаманы алып таштаса эл оозунда жүргөн саясатчылар гана бийликке келип, жаңы саясатчылар коомчулукка таанылбай калат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>