Хабиб Нурмагомедовдун кийинки атаандашы белгилүү болду

Хабиб Нурмагомедовдун кийинки атаандашы белгилүү болду

Тони Фергюсон менен Хабиб Нурмагомедовдун беттеши 2020-жылдын 18-апрелинде Бруклинде өтөт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

«Америкалык аралаш согуш өнөрлөрүнүн мушкери Тони Фергюсон Абсолюттук салгылаш чемпионатынын чемпиону Хабиб Нурмагомедов менен боло турган таймаштын келишимине кол койду» — деп билдирет ESPN.

Фергюсон жана анын өкүлдөрү жума күнү UFCнин башчылары менен Лас-Вегаста жолугушту. Жолугушууда мушкер Нурмагомедов менен наам үчүн салгылашка расмий түрдө макул болду.

Сентябрда Нурмагомедов Абу-Дабиде өткөн турнирде америкалык мушкер Дастин Пуарьени сыгуучу амал менен 3-раундда жеңип , UFCнин жеңил салмактагы чемпион наамын сактап калган.

Ал эми Фергюсон июнь айында болгон акыркы таймашында Дональд Серронени жеңген. Фергюсондун кесиптик карьерасындагы активинде 25 жеңиш жана 3 жеңилүү болгон. Хабиб  28 таймаш өткөрүп, анын барында тең женишке ээ болгон.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>