ИИМ: Үстүбүздөгү жылдын 6 айында ала качуу фактысы боюнча 118 кылмыш иши козголду

ИИМ: Үстүбүздөгү жылдын 6 айында ала качуу фактысы боюнча 118 кылмыш иши козголду

2019-жылдын алты айында ала качуу фактысы боюнча 118 кылмыш иши козголду. Анын 94ү кызды никеге тургузуу үчүн уурдоо, 12си никеге турууга мажбурлоо. Иштердин көбү сотко өттү. Мындай маалыматты Ички иштер министрлигинин коомдук коопсуздук кызматынын бөлүм башчысы Улан Рысбеков билдирди.

Рысбеков Бишкекте өткөн «Ала качууну алдын алуу жана болтурбоо» деген талкуудаала ала качуу айыл жергесинде көп катталарын айтты.

Жаңы кабыл алынган Жазык кодексине ылайык быйылтан тарта Кыргызстанда ала качуу үчүн жаза күчөтүлгөн. Мыйзам боюнча кыз ала качкан адам 5 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылат. Ал эми өспүрүм кызды мажбурлап никеге тургузгандар 200 000 сом өлчөмүндө айыпка да жыгылат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>