ИИМ: Атамбаевдин суракка келбегени боюнча кийинки чараны Тергөө кызматы аныктайт

ИИМ: Атамбаевдин суракка келбегени боюнча кийинки чараны Тергөө кызматы аныктайт

Атамбаевдин суракка келбегени боюнча кийинки чараны  Тергөө кызматы аныктайт. Бул тууралуу Reporter.kg`ге ИИМдин басма сөз катчысы Карима Аманкулова билдирди.

“Эми кандай чара көүлөрү тууралуу бизде маалымат жок. Бизге Тергөө кызматы эмне маалымат берсе ошону гана расмий түрдө таратабыз”, — деди Аманкулова.

Ал эми Атамбаевдин жактоочусу Сергей Слесарёв Атамбаевдин эмне себептен суракка барбай турганын Super.kg порталына төмөндөгүчө түшүндүргөн.

“Суракка чакыруу анын же анын үй-бүлө мүчөсүнүн колуна тапшырылган эмес. ИИМдин чакыруусу  партиянын өкүлүнө тапшырылган”, — деген жактоочу.

Мурдагы президенттин 9-июлда суракка барышы керектиги жазылган  чакырууну милиция кызматкерлери 8-июль күнү Атамбаевдин Кой-Таш айылындагы үйүнө жеткирип беришкен. Ал эми Атамбаев  журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, суракка барбай турганын, аны суракка чакыруу мыйзамсыз экенин айткан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>