ИИМ: Бажы кызматкери кармалды

ИИМ:  Бажы кызматкери кармалды

Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренеси менен кармалып, тергөө абагына киргизилди.  Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирет.

Маалыматка караганда, Латвия өлкөсүнөн Кыргызстан аркылуу Афганистанга бараткан  253 500 долларлык тамеки заттары бажы кызматы тарабынан өлкө аймагына мыйзамсыз киргизилгендиги аныкталган.

Бул факты боюнча 9-январында мамлекеттик бажы кызматынын М.Б. аттуу кызматкери кармалып, Бишкек шаардык тергөө абагына киргизилген.

Учурда ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан сотко чейинки өндүрүш уланууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>