ИИМ беш кызматкерин иштен алып, 30дан ашык жетекчилерине эскертүү берди

ИИМ беш кызматкерин иштен алып, 30дан ашык жетекчилерине эскертүү берди

ИИМ беш кызматкерин иштен алды. Бул тууралуу аталган мекемеден маалымдашты.

Маалыматка ылайык, жыл жыйынтыгын чыгарган коллегияда отуздан ашуун жетекчилерге эскертүүлөр жана тартип жазалары берилип, биринчи чейректин жыйынтыгы алардын ишмердүүлүгү карала тургандыгы баса белгиленди.

Ошондой эле коллегиянын чечими менен коомдук тартипти сактоодо жана кылмыштуулукка каршы күрөшүүдөгү негизги багыттарда кемчиликтерди кетиргендиктери үчүн берилген тапшырмаларды жогорку деңгээлде аткарбагандыгы, алдын алуу иштерин уюштура албагандыктары үчүн ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын 2-башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги М.Бопушев, Түп РИИБнын башчысы, милициянын полковниги Д.Исаков, Джети-Өгүз РИИБнын башчысы, милициянын полковниги Т.Исаев , Чүй РИИББнын башчысы, милициянын подполковниги Ч.Шаршеналиев, ИИМдин Бангизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшү кызматынын Талас областы боюнча бөлүмүнүң башчысы, милициянын подполковниги У.Самудинов ээлеген кызмат ордуларынан бошотулду.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>