ИИМ: Кара-Көлдө милиция окуучу кызды зордуктоого аракет кылганы жалган

ИИМ: Кара-Көлдө милиция окуучу кызды зордуктоого аракет кылганы жалган

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында милициянын жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкери 9-класстын окуучусун зордуктоого аракет кылган деген маалымат жалган. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирет.

Мекеменин малыматына караганда, милиция кызматкери кыздан беш миң сом пара алып жаткан жеринен кармалган.

“Кенже лейтенант А.Б. 9-класстын окуучусун түн ичинде көчөдө жүрбөшүң керек деп эскертип, “сенин жүрүш-турушуңду интернет булактарына чыгарам” деп коркутуп, акча талап кылган. Шектүүгө карата пара талап кылуу беренеси менен кылмыш иши козголуп, сотко чейинки өндүрүш башталган. 6-апрель күнү  Жалал-Абад облустук  соту тарабынан анын баш коргоо чарасы каралып,  үй камагына чыгаруу боюнча чечим кабыл алынган”, — деп жазылат маалыматта.

Буга чейин “Репортерго” жабырлануучунун жакындары байланышып, кармалган милицияга карата иш пара талап кылгандыгы боюнча гана козголгондугун билдирген эле.

сүрөт: Азаттык/ Дастан Үмөтбай уулу

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>