ИИМ Кой-Таш окуясына тиешеси бар кылмышка шектүү 14 жаранга тергөө ишин аяктады

ИИМ Кой-Таш окуясына тиешеси бар кылмышка шектүү 14 жаранга тергөө ишин аяктады

2019 жылдын 7-8 августундагы Кой-Таш окуялар боюнча 14 кылмышка шектүү жарандарга байланыштуу тергөө иштери аяктады. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

«Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы тарабынан 2019 жылдын 7-8 августундагы окуялар боюнча тергелип жаткан сотко чейинки өндүрүштүн алкагында бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу, укук коргоо органдарынын кызматкерлерин өлтүрүүгө аракет кылуу, массалык баш-аламандык уюштуруу, барымтага алуу фактылары боюнча 14 кишиге шектүү катары маалымат кабар берилип, тергөө амалдарынын аяктаганы тууралуу билдирилди жана кылмыш ишинин материалдары менен тааныштыруу иш чаралары башталды. Ал эми калган кылмышка шектүүлөр боюнча материалдар өзгөчө өндүрүшкө алынып, сотко чейинки өндүрүш уланууда», — деп жазылат маалыматта.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>