ИИМ: Криминалдык чөйрө баш көтөрүп жатканы чындыкка дал келбейт

ИИМ: Криминалдык чөйрө баш көтөрүп жатканы чындыкка дал келбейт

Кыргызстанда криминалдык чөйрө баш көтөрүп жатканы тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

“Криминалдык чөйрөнүн  баш көтөрүүгө мүмкүнчүлүгү жок, анткени ИИМ мыйзамдын үстөмдүгүн коргоп, адамдын укугу менен эркиндигин коргоп келүүдө.  “Мадина” кафесинин ээсинин өлүмү боюнча милиция кызматкерлери кылмышкерлердин изине түшүп,  өзгөчө оор кылмышты жасоогошектелгендердин баарын кармашты”, —  деп билдирди министрликтен.

Белгилей кетсек, 4-октябрдан бери дайынсыз болуп изделип жаткан ишкер Хуфур Абдурахемандын жансыз денеси Нарындын Кочкор районунан табылган. Анын өлүмүнө шектелип 8 адам колго түшкөн. Бул окуядан кийин Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Кыргызстанда криминал баш көтөрүп жатканы тууралуу айтып чыккан.  

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>