ИИМ: Курсан Асанов милициянын кызыкчылыгын саткандыгы үчүн кызматтан алынды

ИИМ: Курсан Асанов милициянын кызыкчылыгын саткандыгы үчүн кызматтан алынды

Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирүү таратты.

“7-8-августтагы окуялардын жүрүшүндө массалык башаламандыктардын алдын алууда, коомдук коопсуздукту сактоодо, Аалмазбек Атамбаевди кармап алып келүүгө багытталган иш чаралардын жүрүшүндө ички иштер министринин орун басары Курсан Асановдун ишмердүүлүгү боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлдү.

Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен милициянын кызыкчылыгын саткандыгы жана ага карата ишенимдин жок болгондугу аныкталгандыгы үчүн ИИМдин орун басарлык кызматынан Курсан Асановду бошотуу тууралуу сунуш берилген.

Учурда кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы Башкы прокуратурага юридикалык баа берүү үчүн жиберилди”,  — деп жазылат маалыматта.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>