ИИМ: Кыз ала качуу жөнүндөгү видео боюнча эч кимден арыз түшкөн жок 

ИИМ: Кыз ала качуу жөнүндөгү видео боюнча эч кимден арыз түшкөн жок 

Талас облусунда 16 жашар кызды 35 жаштагы адам ала качып кетти делген тасма текшерилип жатат. ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, бул фактынын үстүнөн Талас облустук милициясы  териштирүү баштаган.

«Азырынча кыз ала качуу фактысы аныктала элек  жана ички иштер органдарына расмий арыз келип түшкөн эмес. республика боюнча милиция кызматкерлери аталган тасма боюнча текшерүү, териштирүү иштерин жүргузүүдө”, — деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, коомдо талкуу болуп аталган окуянын видеосу 6-октябрь күнү Фейсбуктагы “БеспределKG” баракчасына жүктөлгөн.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>