ИИМ: Мыйзамсыздыкка туш болсоңуз бизге чалгыла

ИИМ: Мыйзамсыздыкка туш болсоңуз бизге чалгыла

Эгер милиция кызматкерлери сизди опузаласа, пара талап кылса жана арыздарды кабыл албай мыйзамсыз иш-аракеттерди жасаса анда ИИМдин Ички иликтөө кызматынын ишеним телефонуна чалыңыз.

ИИМдин басма сөз кызматы маалымдагандай, жарандардан келип түшкөн билдирүүлөр аркылуу айрым милиция кызматкерлеринин ыйгарым укуктарынан кыянаттык менен пайдаланышына бөгөт коюуга болот.

ИИМдин Ички иликтөө кызматынын ишеним телефон номурлары 0-704-999-918, 0999-917-397.

ИИМдин нөөмөт бөлүмү 0312 66-23-31.

сүрөт: sputnik.kg
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>