ИИМ: Равшан Жээнбеков камакка алынды

ИИМ: Равшан Жээнбеков камакка алынды

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков камакка алынды.

Ички иштер министрлиги билдиргендей,  Жээнбековго Кылмыш кодексинин 244-беренеси («Барымтага алуу») жана 264-беренеси («Массалык башаламандыктарды уюштуруу») боюнча айып коюлган.

Учурда Жээнбеков Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Оппозициячыл саясатчы Равшан Жээнбеков 7-8-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо маалында Кой-Таш айылында болгону үчүн буга чейин да ИИМге суракка чакырылган эле.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>