ИИМ: Садыр Жапаровдун бир тууганы Райкүл Жапарова эл аралык издөөгө берилген

ИИМ: Садыр Жапаровдун бир тууганы Райкүл Жапарова эл аралык издөөгө берилген

Саясатчы Садыр Жапаровдун бир тууганы Райкүл Жапарова эл аралык издөөгө берилген. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришкенин «super.kg» жазды.

«2010-жылы 13-апрелде Башкы прокуратурага Б.Б. аттуу жаран жана башка жарандар Инвестбанк «Ысык-Көл» ААКсын экс-президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев башында турган бир нече адамдар тобу рейдерлик менен басып алганын айтып арыз менен кайрылышкан. Кылмыш-жаза кодексинин (эски кодекс боюнча) 183-беренеси (легалдаштыруу, арам акчаны адалдоо) менен иш козголуп, анда Максим Бакиев достору Алексей Ким, Михаил Надель (учурда эл аралык издөөдө) жана башкалардын жардамы менен Инвестбанк «Ысык-Көл» банкынын акциясынын ээлеринин бири Н.Т. аттуу жаранга кысым көрсөтүп, 2007-жылы 30-майда банктын акциясын сатууга мажбурлашканы аныкталган. Андан кийин Бакиев банктын мурунку кызматкериРайкүл Жапарованын жардамы менен банкты басып алган. 2007-жылы 10-августта директорлордун жаңы кеңеши дайындалып, Инвестбанктын башкаруусунун жетекчиси Райкүл Жапарова болгон.

Иликтөө жыйынтыкталган соң аталган кылмыш иши Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотуна жөнөтүлгөн. 2014-жылы 22-октябрда райондук сот тарабынан Жапарова 30, 183-беренелер (кылмышка шериктеш, легалдаштыруу, арам акчаны адалдоо) менен 7 жылга кесилген. 2015-жылы 3-апрелде Бишкек шаардык сотунун өкүмү менен 221-берене (коммерциялык жана башка уюм кызматкерлеринин кызматтык абалынан кыянаттык менен колдонуу), 166-берене (алдамчылык) боюнча жаңы айыптар тагылган. Жалпы жонунан Жапарова 10 жылга эркинен ажыратылып, үй-мүлкү конфискацияланып, 3 жыл бою банк жаатында ишмердүүлүк жүргүзбөө чечими чыккан.

1966-жылы туулган Жапарова учурда эл аралык издөөгө берилген. Анын кайда экендигин аныктоо боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүүдө«, — деп жазылат маалыматта.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>