ИИМ: Солтон-Сарыдагы абал милициянын көзөмөлүндө

ИИМ: Солтон-Сарыдагы абал милициянын көзөмөлүндө

Солтон-Сары алтын кениндеги абал милициянын көзөмөлүндө турат. ИИМдин басма сөз кызматынан билдиргендей, учурда коомдук коопсуздукту камсыздоо үчүн  мыйзамдын чегинде чаралар көрүлүүдө.

Окуя болгон жерде Ички иштер министри-Кашкар Жунушалиев менен анын орун басары бар.

5-августта Солтон-Сарыдагы кендин жабылышын талап кылуу үчүн  500дөй малчы чогулуп, кен казылып жаткан аймакка барганда кытайлыктар жергиликтүүлөрдү таш менен ургулаган. Мындан улам эки тараптын ортосунда чыр чыккан. Жыйынтыгында жабыркагандар аймактык ооруканага жеткирилген.

Бул факты Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Учурда милиция жана  жергиликтүү бийлик органдары жергиликтүүлөргө түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>