ИИМ. Түрмөдө жатып Президенттик аппараттан депутаттарга жана министрликтерге чалгандар аныкталды

ИИМ. Түрмөдө жатып Президенттик аппараттан депутаттарга жана министрликтерге чалгандар аныкталды

Түрмөдө жатып алып Президенттик администрациянын атынан Жогорку Кеңештин депутаты Асел Кодурановага, КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаевага жана бир катар мамлекеттик органдарга телефон чалгандар аныкталды.

ИИМдин басма сөз кызматынан билдиргендей, ал алдамчылык менен соттолуп, №1 түзөтүү мекемеснде жаза өтөп жаткан 32 жаштагы Темир Калмырзаев болгон.

Калмузраев өзү менен бирге жаза өтөп жаткан Талгат Игисиновдун телефонун алып жогоруда аты аталган адамдардан сырткары экс-депутатка, Транспорт министрлигинин орун басарына, Бишкек мэриясынын жооптуу жетекчи кызматына, Экономика министрлигине жана башка бир катар мамлекеттик органдарга телефон чалып алардын иштеп жаткан ишмердүүлүгүн тактап сурап, кандай иштер аткарылат, кандай иштер пландалууда деген суроолорду коюп бардык маалыматтарды алып турган.

Ал эми СДПКнын өкүлү Кундуз Жолдубаевадан 7-8-августтагы Кой-Ташта болгон окуялар боюнча толук маалымат алып турган.

Учурда Темир Калмырзаев менен Талгат Игисинов абак жайдын айып түрмөсүнө камакка алынып, сотко чейинки териштирүү башталды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>