ИИМ: түндө коменданттык сааттын талаптарын бузуп 50 адам кармалды

ИИМ: түндө коменданттык сааттын талаптарын бузуп 50 адам кармалды

10-апрелге карата өзгөчө абал киргизилген Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак районунда коменданттык сааттын талаптарын бузганы үчүн 50 адам кармалып, 7 автоунаа атайын жайга токтотулган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Алардын ичинен: Бишкек шаарында – 37, Ош шаарында – 2, Жалал-Абад шаарында – 4, Сузак районунда – 3, Кара-Суу – 3 жана Ноокат – 1. 

Жалпысынан алганда 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 2242  жаран коменданттык саатты бузганы үчүн милициянын кайгуул тобу тарабынан кармалып, коё берилди.

25-марттан тартып коронавирус көп чыккан Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында, Кара-Суу, Ноокат, Сузак райондорунда өзгөчө абал киргизилген.

9-апрель саат 10:00гө карата, Кыргызстанда коронавирус илдетин жугузуп алгандардын жалпы саны  280 адамга жетти. Алардын 25и сакайып чыгып, 4 адам каза болгон. Ооруну жугузуп алгандардын арасында 34 медкызматкер бар.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>