ИИМ: Түндө коммендаттык сааттын талаптарын бузган 320 жаран кармалды

ИИМ: Түндө коммендаттык сааттын талаптарын бузган 320 жаран кармалды

Өлкөдөгү өзгөчө абал киргизилген аймактарда саат 20:00дөн эртең мененки 07:00гө чейин коммендаттык сааттын талаптарын бузган 9 унаа токтотулуп, 320 жаран милиция бөлүмүнө жеткирилди. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Алардын ичинен Бишкек шаары боюнча — 193, Ош шаары боюнча -25, Жалал-Абад шаары-10, Сузак району боюнча-26, Ноокат району боюнча-11 жана Кара-Суу районунда-55.

Тартип бузгандарга коменданттык сааттын талаптары менен эрежелери  боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, коменданттык сааттын аякташы менен койо берилген.

“Өзгөчө абал жөнүндө” мыйзамга ылайык,  тартипти бузгандыгы үчүн кармлаган адамдар коменданттык саат аяктаганга чейин кармалат. Ал эми жанында документтери жоктор үч суткадан ашпаган мөөнөткө кармала тургандыгын дагы бир жолу эскертебиз.

сүрөт: sputnik / Табылды Кадырбеков

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>