ИИМ: УКМКнын экс-төрагасы эл аралык издөөгө алынды

ИИМ: УКМКнын экс-төрагасы эл аралык издөөгө алынды

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулганына байланыштуу УКМКнын мурдагы төрагасы Бусурманкул Табалдиев эл аралык, анын ичинде Интерпол багыты боюнча издөө алынды.

ИИМ билдиргендей, Табалдиевге карата Жазык кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүмү (Коррупция) боюнча иш козголгон.

ИИМ Баткуаевдин иши тергелип бүткөнүн, 19 киши шектүү катары өтүп жатканын маалымдады:

«14 шектүү тергөө менен кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол койсо, 5 шектүү макулдашууга кол койгон жок. 18 шектүү кылмыш ишинин материалдары менен таанышып, 2019-жылдын 27-сентябрында кылмыш ишинин материалдары Башкы прокуратурага кабыл алынган чечимдердин мыйзамдуу болгонун изилдөө жана сотко жөнөтүү үчүн жиберилди», — деп жазылат маалыматта.

Укук коргоо органдары Бусурманкул Табалдиевди таппай жатканы тууралуу маалымат 8-июлда чыккан. Анын Түркияга чыгып кетиши ыктымал экенин айрым маалымат каражаттары да жазып чыккан. Кийин социалдык тармактагы айрым колдонуучулар Табалдиевди Анкара шаарынан көрүшкөнүн жазышкан.

Бусурманкул Табалдиевдин өзү жана анын жакындары эч кандай комментарий беришкен жок.

Табалдиев кримтөбөл Азиз Батукаев мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошогон 2013-жылы Коргоо кеңешинин (азыркы Коопсуздук кеңеши) катчысы болуп иштеген.

Азиз Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулуп, атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилген соң Орусияга чыгып кеткен. Бул ишке байланыштуу мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баш болгон мурдагы аткаминерлер айыпталууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>