ИИМ жөнөкөй жарандарды «Шумкар» полкуна кызматка чакырууда

ИИМ жөнөкөй жарандарды  «Шумкар» полкуна кызматка чакырууда

Ички иштер министрлигинин «Шумкар» атайын багыттагы полку 19 жаштан  30 жашка чейинки жарандарды кызматка чакырууда.  Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Негизги талаптардын бири – бою 170 сантиметр, анык аскер кызматын өтөгөн же  үй-бүлөлүк шарттары боюнча альтернативдик кызматты өтөгөн аскердик билети болуусу керек.

Каалоочулар (0312) 46-08-26  номерине чалса болот.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>