ИИМдин адистештирилген күзөт кызматынын аталышы өзгөрдү

ИИМдин адистештирилген күзөт кызматынын  аталышы өзгөрдү

Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгынын аталышы өзгөрдү.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон жарлыкка ылайык, мынданары түзүмдүн аталышы Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматы деп өзгөртүлдү.

“Режимдик объекттердин, жашоону жана тиричиликти камсыздоо объекттеринин коопсуздугун жана күзөтүн камсыздоо боюнча ички иштер органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында кызматтын аталышы өзгөртүлдү”, — деп айтылат маалыматта.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>