ИИМдин ички аскерлери Ички коопсуздук аскер кызматы болуп түзүлдү

ИИМдин ички аскерлери Ички коопсуздук аскер кызматы болуп түзүлдү

ИИМдин ички аскерлери ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматы болуп түзүлдү. Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгонун министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

2014-жылы аскердик реформанын алкагында ички аскерлер Ички иштер министрлигинин карамагынан чыгарылып, Куралдуу күчтөрдүн тутумундагы Улуттук гвардиянын курамына киргизилген.

Бирок Улуттук гвардиянын курамында болуусу алардын өлкөнүн ички коопсуздугун камсыздоо боюнча күжүрмөн-кызматтык тапшырмаларын аткарууда мүмкүнчүлүктөрүн чектеп койгон.

Мындан улам 2018-жылы президенттин жарлыгы менен ИИМдин ички аскерлери болуп кайра түзүлгөн.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>