Иликтөө — Абдукадырдын акча ташыгычтары

Иликтөө — Абдукадырдын акча ташыгычтары

“Азаттык”, «OCCRP» жана “Клооптун” биргелешкен иликтөөсү, кыткартпай беребиз.

Уйгур улутундагы таасирдүү үй-бүлө миллиондогон АКШ долларын Кыргызстандан Түркияга, андан ары башка мамлекеттерге чыгарып кетиш үчүн кыргыз соодагерлери колдонуп келген нак акча ташыган курьерлердин кызматынан пайдаланган. 

Таасирдүү үй-бүлө кыргыз базаларындагы соодагерлердин ондогон жылдардан бери колдонуп жүргөн акча ташыган курьерлердин жашыруун түйүнүн өз пайдасына иштетип турган.

Адатта базардагы соодагерлер курьерлердин кызматын чет өлкөдөн товар сатып алыш үчүн колдонсо, көпчүлүктүн көзүнө урунбаган Абдукадыр кланы акча ташыгандар аркылуу миллиондогон долларды Кыргызстандан чыгарып кеткен.

Кезинде бул үй-бүлөнүн акчасын адалдоо менен алек болгонун мойнуна алган Айеркен Саймаитинин көзөмөлү менен Абдукадыр кланынын курьерлери кадимкидей эле майда кардарлардын акчасын ташып жаткандай түр көрсөтүп, Бишкектен Стамбулга байма-бай каттап турушкан. Бирок окшоштуктар дал ушул жерде аяктайт.

Абдукадыр кланынын нак акчасы кездеме же гаджеттерди сатып алууга сарпталган эмес. Анын ордуна Кыргызстандан эч тоскоолдуксуз чыгарылган, булагы кайдан экени белгисиз каражат бул үй-бүлөнүн пайдасы үчүн дүйнөнүн булуң-бурчуна банк аркылуу жөнөтүлүп турган.

“Мен Германияга, Англия, Дубайга [которгом]”, — деп айтып берген Саймаити.

Бул акчанын булагы Абдукадырдын үй-бүлөсүнүн жашыруун карго империясына барып такалат. Натыйжада мынча каражаттын кеминде бир бөлүгүнөн бир нече жыл бою салык жана бажы төлөмдөрү түшпөй, кыргыз коомчулугу кыйла чоң финансылык жоготууга учураган. (Абдукадырдын үй-бүлөсү курьерлер аркылуу сыртка чыгарып кеткен акча Саймаити бул клан үчүн Кыргызстандан чет өлкөлөргө которуп берген жүз миллиондогон доллардын бир гана бөлүгү.)

[su_heading size=»20″ margin=»30″]Саймаитинин документтеринин жардамы менен журналисттер Абдукадырдын үй-бүлөсү декларацияланбаган жана бурмаланып катталган товарды Кытайдан Кыргызстанга алып келип, андан ары Борбор Азия менен Орусиядагы базарларга жеткирүү менен пайда тапкан жашыруун карго бизнесин аныкташкан.[/su_heading]

Абдукадырдын үй-бүлөсүнүн акчасынын бир бөлүгү кайра Кыргызстанга которулган. Акча алуучу тараптын бири — Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун үй-бүлөсү. «»Саймаити бир нече жолу Матраимовду Абдукадырдын шериктеши жана бажыдагы ири коррупциялык схеманын ортомчусу катары мүнөздөгөн.»» Матраимов буга чейинки билдирүүсүндө дооматтарды четке кагып, бирок бул иликтөөгө байланыштуу комментарий берүүдөн баш тартты.

Бул журналисттик иликтөө таянган документтерди кабарчыларга Саймаити берген. Ал өткөн айда Стамбулда киши колдуу болгон.

Декларациялар баяны

Саймаити бөлүшкөн документтердин арасында анын курьерлери толтурган нак акча тууралуу 48 декларация формасы бар. Алардын 31и Саймаити Абдукадырдын үй-бүлөсүнө кызмат көрсөтүп жүргөн учурда ага иштеген курьерлер тарабынан толтурулган. Жыйырма эки (22) декларацияда курьерлер өздөрү ташып бараткан акча Абдукадырдын үй-бүлөсү ээлик кылган түркиялык “Palvan” аттуу компанияга таандык экенин белгилешкен.

Отуз бир (31) документ көргөзгөндөй, 2016-жылдын сентябрь жана октябрь айларында эле курьерлер Стамбулга жеткенден кийин 27 миллион долларды декларация кылышкан. (Бул жагдай акча сөзсүз түрдө «Палвандын» эсептерине түшкөн дегенди билдирбейт. Каражат Саймаитинин эсептерине салынган же башка аймактарга жөнөтүлгөн болушу мүмкүн.)

[su_heading size=»20″ margin=»30″]Palvan” жана Абдукадырдын үй-бүлөсү Абдукадырдын үй-бүлөсүнүн көзүрү Хабибула жана анын эки уулу кайсы бир убактарда “Palvan Insaat Turizm Lojistik Sanayi Ticaret LTD” аттуу компанияга жарым-жартылай ээлик кылганын Түркиянын бизнес реестри ырастап турат. Хабибуланын аялынын аты-жөнү — Мария Палван.[/su_heading]

Абдукадырдын кирешесин Стамбулга жеткирген курьерлерди Саймаити аэропортто өзү тосуп алып, нак акчанын кеминде бир бөлүгүн банкка алып барып, өзүнүн, жубайынын же Абдукадырдын “Palvan” сыяктуу компанияларынын банк эсептерине салып турган.

Саймаити банк кызматкерлерине акча мыйзамдуу жол менен табылганын далилдеш үчүн курьерлер толтурган декларация формаларын көрсөтүп турган.

«Кыргызстандан келген декларациясы бар эле да. Ошону көрсөтөсүң да. Аэропорттон берген кагазды. Анан өзүмдүн эсебиме салгам», — деп айтып берген Саймаити.

Акча түрк банктарындагы эсептерге “аман-эсен” түшкөндөн кийин Абдыкадыр үй-бүлөсү бул каражатты каалаган максатта колдонууга жол ачылган. Мисалы, маанилүү бир маалымат базасына ылайык, быйыл эле «Palvan» 29 даана эмерек жабдуусун Абдукадырдын үй-бүлөсүнүн Кошмо Штаттардагы дагы бир компаниясына жөнөткөн. Ал материалдар Балтиморго жеткирилген.

Айрым учурда Саймаити бул үй-бүлөнүн акчасын алардын көрсөтмөсүнүн негизинде Түркиядан кайра башка чет өлкөлөргө банк аркылуу которуп турган. Мындай жагдай аталган үй-бүлөгө бейтаныш компанияларга акча жөнөтүүгө жана каражатты инвестицияга айлантууга шарт түзгөн.

Мисалы, Саймаити кабарчылар менен бөлүшкөн түрк банктарынын акча которуу тууралуу документтери кеминде бир миллион британ фунт стерлинги Улуу Британияга жөнөтүлгөнүн көрсөтүп турат.

Эки документтеги “төлөмдүн деталдары” аттуу бөлүмдө бир турак жайдын дареги жана үй-бүлөнүн 55 жаштагы башчысы Хабибула Абдукадырдын уулу Айбибула Нуермаймайтинин аты жазылган.

[su_heading size=»20″ margin=»30″]Абдукадырлардын жакын туугандары Хадир, Палван жана Айбибулла деген сыяктуу бир нече фамилияны колдонушат. Түшүнүктүү болуш үчүн жана бизнес империяга Хабибулла Абдукадыр жетекчилик кылгандыктан, бул иликтөөдө алардын бизнес түйүнүнө байланышы бар үй-бүлө мүчөлөрүн жалпылап Абдукадыр үй-бүлөсү деп атайбыз.[/su_heading]

Саймаити Абдукадыр түйүнүнүн өзөгү болгон төрт бир туугандын мурда эч жерде жарыяланбаган сүрөтү менен бөлүшкөн. Солдон оңго карай Алимужиаң Хадирди, Наби Хадирди, Маймаитили Хадирди жана баарын жетектеген Хабибулла Абдукадырды көрүүгө болот.

Мындан тышкары Саймаити аялы экөө Абдукадырдын үй-бүлөсүнүн Казакстандагы жана Германиядагы компанияларына да Түркиядан акча которгонун айгинелеген банк тастыктамаларын көргөзгөн.

Банк аркылуу башка акча которуу Саймаити Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун үй-бүлөсү түзгөн кайрымдуулук фондуна Түркиядан 2,4 миллион доллар жөнөткөнүн да көрсөтүп турат. Саймаитинин айтымында, мынча акчанын кеминде жарымын Түркияга курьерлер жеткиришкен.

Абдукадырдын Дубайдын кыймылсыз мүлк тармагына салган инвестициясы биринчи жолу анын үй-бүлөсү менен Матраимовдордун расмий бизнес байланышы бар экенин ырастады.

«Жардам деп салдырган да. Аялымдын атынан да жардам деп которгонбуз. Анын-мунун атынан, бирин менин, бирин башканын, компаниянын атынан Түркиядан, Өзбекстандан, Дубайдан да которуп коесуң дечү. Жардам берди деп көрүнөт экен да», — деп айтып берген Саймаити.

Матраимовдордун фондуна акча которулганын Саймаитинин финансылык операцияларды каттап турган эсеп таблицасынан да көрүүгө болот. Ал документ 2016-жылдын август айынан 2017-жылдын февраль айына чейинки убакытты камтыйт.

Саймаитинин эсеп таблицасын ушул жерди басып көрүңүз. Фото: OCCRP

Эсеп таблицасындагы транзакциялардын көбү ири суммадагы акча “PALWAN” деген компанияга которулганын көрсөтүп турат. Башкалары Хабибуланын уулу Нуермаймаитиге багытталган.

[su_heading size=»20″ margin=»30″]Бажы офицериби же курьерби? Саймаити Эркинбек Айдаров деп тааныган курьерлердин бири — бажы офицери. 36 жаштагы бул кызматкер Кара-Суудагы темир жол бажысында инспектор. Анын да жогору жакта байланыштары бар. Бир тууган агасы Запарбек (Зафар) Айдаров – Мамлекеттик бажы кызматынын подполковниги, башкы инспектор. Кыргыз маалымат каражаттарындагы кабарларга ылайык, Запарбек Айдаров жаш кезинде эрежесиз эр уруштун аралаш түрлөрү боюнча мелдешке катышкан жана мурдагы бажы аткаминери Райымбек Матраимовдун ишенимдүү адамы. Кара-Суунун акими Тилекбек Матраимовдун кудасы. Саймаити журналисттер менен бөлүшкөн нак акча тууралуу декларациялардын бирине ылайык, Айдаров 2016-жылдын 25-мартында Түркияга уча турган каттамга 715 200 АКШ долларын алып кирген. Бажы офицери бул акчаны декларацияда өзү тапкан киреше катары көрсөткөн. Кыргызстандын бизнес реестриндеги маалыматка ылайык, анын мынча ири суммадагы киреше алып келгидей бизнеси жок. Мамлекеттик кызматкер катары 200 АКШ долларына жетпеген орточо айлыгы да буга жетпейт. Айдаров журналисттерге кыска маегинде курьер катары иштегенин четке какты. «Андай жөнүндө уккан эмес экенмин, билбейт экем дагы. Кечиресиңер ээ», — деп телефонду коюп салды. Бирок Саймаити аны туруктуу курьер катары мүнөздөп, Абдукадырдын акчасын ташыган учурда чогуу иштешкенин айткан.[/su_heading]

Айдаровдун накталай акча тууралуу декларациясын бул жерди басып көрүңүз

Матраимовдун үй-бүлөсү фондго 2,4 миллион АКШ доллары которулганын четке кагып, Саймаитинин аялы кайрымдуулук кылган адамдын атынан 200 000 АКШ долларын гана жөнөткөнүн моюнга алган жана демөөрчүнүн тек-жайын коомчулукка ачык айтуудан баш тарткан.

Саймаити өзүнүн курьерлери Түркияга накталай акча алып киргенден тышкары маал-маалы менен Түркияга жана Дубайга алтын да жеткиришкенин айткан. Ал Түркияга алтын жеткирилгенин далилдеш үчүн бажыда толтурулган эки декларацияны жана ондогон сүрөттөрдү көрсөткөн. Алтын декларациясында көрсөтүлгөн курьерлердин биринин ысымын биз Абдукадырдын жакындарына таандык “Палван” ишканасына нак акча ташыган курьерлердин арасынан таба алдык.

Cаймаити өз курьерлери ташыганын айткан алтын куймаларынын сүрөтү.

Cаймаити өз курьерлери ташыганын айткан алтын куймаларынын сүрөтү.

Cаймаити өз курьерлери ташыганын айткан алтын куймаларынын сүрөтү.

Даңазалуу «Aygen» баштыгына салынган акча.

Которуу үчүн даярдалган акча.

 

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>