Иликтөө: Беларустун борборундагы ири курулуштун артында Бакиевдер турабы?

Иликтөө: Беларустун борборундагы ири курулуштун артында Бакиевдер турабы?

Беларустун борбору Минск шаарындагы эс алуучу жай жана казиносу бар көп комплекстүү жаңы имараттын курулушунун артында качкын экс-президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсү турат деп жазды белорустук  naviny.by басылмасы.

«Динамо» стадионунун бет маңдайындагы Centropol деп аталган бул комплекс кийинки жылы ачылат. Минсктин Свердлов жана Ульянов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан бул имартта казино, бутиктер, медициналык жана эс алуу борборлору, ресторан-кафелер орун алмакчы.

Жалпысынан бул комплекстин курулушуна  80 млн доллар жумшалган

Аталган имараттын курулушун «Гермес Констракшн» деген чет элдик компания курган. 2011-жылы пландалган бул инвестициялык долбоор адегенде конок үй катары курулмак болгон. Кийин комплекс ээлери курулуштун планын өзгөрткөн.

Беларустагы юридикалык жана жеке ишкерлердин бирдиктүү базасындагы маалыматка ылайык, «Гермес Констракшн»  100 %  кипрлик D-Business Solutions Limited компаниясына тиешелүү.

Кипрдин маалымат базасында D-Business Solutions Limited компаниясы 2009-жылдын ноябрь айында катталганы жазылган. Аталган компанияда дагы үч компаниянын үлүшү бар.

Norline Development (2,5%), Reamare Investments Limited (17,5%) и Forpaton Resource LP (80%).


Norline Development компаниясы Доминика өлкөсүндө офшорлык компания катары катталган. Reamare Investments Limited  Кипрде катталган. Анын ээси катары  Израилдин жараны Дэн Смоляк көрсөтүлгөн.

Forpaton Resource LP болсо Шаттландияда катталган. Бул компанияга  Беларусиянын жараны 25 жаштагы  Руслан Петровдун тиешеси бар экендиги аныкталган.

Руслан Петров деген ким өзү?

Руслан Петров бул Курманбек Бакиевдин небереси экендигине толук негиз бар. Ал Петров деген каймана фамилияны колдонуп келет.

Муну Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк сүрөтү да тастыктап турат.

Сүрөттө Курманбек Бакиев биринчи аялы Татяна Бакиева менен ортодо турат. Алардын сол тарабында Максим Бакиев аялы менен. Ал эми оң тарабында Марат Бакиев аялы жана уулу менен турганын көрүүгө болот. Жогоруда сөз болуп жаткан Руслан Петров сүрөттө ата-энесинин ортосунда турат. Марат Бакиев кезинде УКМКнын төрагасынын кеңешчиси болгон. Анын аялы Светлана улуту орус.

Биританиянын маалымат базасында Руслан Петров 1994-жылы туулган деп көрсөтүлгөн. Бул болсо анын  Фейсбуктагы баракчасы.

Анын досторунун арасында Максим Бакиев деген адам бар.

Максим Бакиев деген бул адамдын баракчасында анын туулган жылы  27-октября 1977-жыл деп көрсөтүлгөн.


Бул дата  Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевдин туулган жылына дал келет.

Максим Бакиевдин досторунун арасынан Фейсбуктун кыргыз сегментинде Компромат Кг деген ат менен таанымал баракча да бар. Бул баракча Бакиевдерди жактаган анын оппоненттерин каралаган билдирүүлөрдү жарыялап келет.

Ал эми Linkedin желесиндеги маалыматка караганда, Руслан Петров 2010-2015- жылдары Беларус мамлекеттик университетинде (БГУ) дүйнөлүк экономика боюнча билим алган.

2010-жылы БГУнун Эл аралык мамилелер факультетинин дүйнөлүк экономика бөлүмүнө тапшырган студенттердин тизмесинен Руслан Петровду издеп таппайсың. Бирок Бакиев Руслан Маратовичти табууга болот.

Окууга тапшыргандан бир жыл өткөн соң факультеттин сайтында Русландын фамилиясы Петров болуп өзгөргөн. Алсак, окуу жайдын сайтында Руслан Петров сынакка катышып, анын командасы жеңүүчү болду деп жазылган.

Дагы бир мисал: “2011-жылы Руслан Петров окуу жайлар аралык дзюдо боюнча мелдеште үчүнчү орунду алды” деп да жазылып турат.

2014-жылы студент Руслан Петров илимий-практикалык конференцияда стратегиялык менеджмент боюнча англис тилинде баяндама жасайт.

2015-жылы Руслан Маратович Петров “Беларус брендинин дүйнөлүк рыноктогу атаандаштык жөндөмү” деген темада диплом жактаган. Жетекчиси белгилүү беларус экономисти Михаил Залесский болгон.

Иликтөө жүрүзүп жаткан naviny.by басылмасы Руслан Петровдон маалымат алууга аракет кылган. Бирок ал кол астындагылар аркылуу «Динамо» стадионунун бет маңдайындагы курулушка эч кандай тиешеси жок экендигин айткан.

Naviny.by басылмасынын маалыматына ылайык,  Centropol долбоорунун артында Русландын атасы Марат Бакиев турат.

Белорусиядагы документтер ырастагандай, Руслан башка бизнес менен алектенет. Тагыраагы Беларус бирдиктүү маалымат базасында көрүнүп тургандай, Курманбек Бакиевдин небереси ушул жылдын мартында катталган «Белхантер-Инвест» фирмасы аркылуу кыймылсыз мүлктү ижарага берүү менен ишкерлик кылат.

Руслан Петровдун бул бизнестеги өнөктөшү Таймаштын аралаш түрү жана  панкратион федерациясынын вице-президенти, бизнесмен Андрей Шихлин. Ал Kiroff Center деген бизнес-центрге да ээлик кылат.

 «Гермес Констракшн» жана «Белхантер-Инвест» компанияларынын кеңсеси да Kiroff Center`дин жанында жайгашкан.

Кенже Бакиев фамилиясын өзгөрткөн биринчи адам эмес.

Буга чейин Naviny.by, Бакиевдердин Беларус улуттук биотехнологиялык корпорациясында үлүшү бар экенин жазып чыкан. Ошондой эле басылма бул компания мамлекет менен биргеликте Кытайдан жеңилдетилген насыя алып, бирок акчаны кайсы бир жакка жумшап келгенин жазган.

naviny.by басылмасы курулуп жаткан имарат кытайдан  алынган насыяга курулуп жатышы мүмкүн экенин кыйыр түрдө айтып өткөн.

Эскерте кетсек, Курманбек Бакиев Кыргызстанды 2005-2010-жылдары башкарган. 2010-жылдагы  7-апрель окуясынан кийин өлкөдөн качып кеткен бойдон үй-бүлөсү жана бир туугандары менен Беларустун борбору Минск шаарында жашап келет.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>