Илон Масктын Марска уча турган космостук кемеси сынак учурунда жарылып кетти

Илон Масктын Марска уча турган космостук кемеси сынак учурунда жарылып кетти

«SpaceX» компаниясынын Марска учурула турган “Starship” космостук кемеси сынак учурунда жарылып кетти. Бул тууралуу CBSNews жазды.

Маалыматка караганд,  кисларод толтурулган цистерналар төмөкү температурадагы суюктук менен толтурулган кезде кеменин жогорку бөлүгү жарылып кеткен.

SpaceX компаниясынын маалыматына ылайык, сынактын негизги максаты болгон, кеменин кыймылдаткычындагы тоскоолдукту жакшыртуу аракети натыйжалуу болгон эмес.

“Эч бир кызматкер жабыркаган жок. Биз аракетибизди мындан ары токтотпойбуз”, — деп билдирген компания.

Белгилей кетсек «SpaceX» компаниясынын башчысы Илон Маск “Starship” космостук кемесин сентябрь айында коомчулукка көрсөткөн.

Кеменин бортуна жүзгө жакын  адамды жана 150 тонна жүктү салып Ай менен Марска учууга болорун айткан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>