Имамдар жума намазда коронавирустун алдын алуу чараларын элге түшүндүрөт

Имамдар жума намазда коронавирустун алдын алуу чараларын элге түшүндүрөт

Саламаттык сактоо министрлигинин кайрылуусуна ылайык, дин кызматкерлери жума намазда жана сабактарда коронавирустун алдын алуу жолдорун элге түшүндүрөт.

Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы (Муфтят) билдирди.

Маалыматка ылайык, түшүндүрүү иштери казыят, хатибият, мечит, медресе жана окуу борборлору менен биргеликте жүргүзүлөт.

Муну менен катар Муфтият республикадагы бардык мечиттерди  таза кармоо, жайнамаздарды дезинсекциялоо жана калкка дайыма түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды.

Буга чейин Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев коронавирус коркунучунан улам жарандардын жума намазга катышуусуна чек коюу сунушун айткан.

Муфтият бул боюнча билдирүү таратып,  шарият боюнча мечитке барууга тыюу салганга болбой тургандыгын айткан.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>