Индияда кыргыз студенттери үчүн алты буджеттик орун бөлдү

Индияда кыргыз студенттери үчүн алты буджеттик орун бөлдү

Индия мамлекети кыргызстандык студенттер үчүн  алты бюджеттик орун бөлдү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Аталган буджеттик орундар 2020-2021-окуу жылына карата магистратура, аспирантура жана докторантура программалары боюнча бөлүнгөн.

Билим берүү жана илим министрлиги аталган бюджеттик орундарга сынак башталганын кабарлайт.

Индиянын жогорку окуу жайларынын тизмеси, тандоо критерийлери жана билдирмени толтуруу боюнча түшүндүрмөнү Индиянын маданият мамилелер кеңешинин сайтынан караса болот. http://a2ascholarships.iccr.gov.in/

Талапкерлер керектүү сертификат менен документтерди онлайн билдирме түрүндө толтурууга тийиш.

Ошондой эле арыз, билдирме жана башка тиешелүү документтердин көчүрмөлөрү 2020-жылдын 15-январына чейин Индиянын Кыргызстандагы элчилигине жеткирилүүгө тийиш.

Дареги: Бишкек шаары, Махатма Ганди көчөсү 100-А. Байланыш номерлери: 0312 97 92 56.

 

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>