Индияда Махатма Гандинин сөөгүнүн күлү сакталган урна уурдалды

Индияда Махатма Гандинин сөөгүнүн күлү сакталган урна уурдалды

Индиянын көз карандысыз кыймылынын лидери Махатма Гандинин сөөгүнүн күлү өлкөнүн борбордук штатындагы мемориалдан уурдалды. Вандалдар саясатчынын сүрөтүнө «саткын» деп жазып кетишкен.

The Wire басылмасы кабарлагандай, окуя 2-сентябрда анын 150 жылдык мааракесинде болгон.

Ганди 1948-жылы январь айында өлтүрүлгөн, анын сөөгү өрттөлүп, күлүнүн бир бөлүгү Мадхья-Прадеш штатындагы мемориалда сакталып турган. Полиция учурда вандалдарды издөөдө.

Ганди британ баскынчылыгына тынч жол менен каршы чыгып, бүткүл дүйнөгө өрнөк болгон. Көптөгөн индиялыктар аны улут атасы деп эсептешет. Анын тушунда өлкө 1947-жылы эгемендүүлүк алган.

Ошол эле маалда Гандини радикал индустар кескин сындап келишет. Алар саясатчыны өлкөнү Индия жана Пакистан деп бөлүүгө айыпташат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>