Ирандын биринчи вице-президенти Мухаммедкалый Абылгазиевди иш сапары менен өз өлкөсүнө чакырды

Ирандын биринчи вице-президенти Мухаммедкалый Абылгазиевди иш сапары менен өз өлкөсүнө чакырды

Ташкент шаарына иш сапар менен барган премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Иран Ислам Республикасынын биринчи вице-президенти Эсхак Жахангири менен жолугушту.

Жолугушуу учурунда эки өлкөнүн маданий жана тарыхый байланыштарын, ошондой эле Кыргыз-Иран мамилелеринин потенциалын эске алуу менен эки мамлекеттин ортосундагы кызматташтыктын орчундуу маселелери талкууга алынды.

Мухаммедкалый Абылгазиев жана Эсхак Жахангири аракеттешүүнүн өз ара кызыкчылык жараткан тармактарында кызматташууну тереңдетүүгө эки жактуу кызыкдарлык көрсөтүштү. Анын ичинде Иранга айыл чарба жана мал чарба продуктуларын ташуу көлөмүн көбөйтүү келечеги талкууланды. Мындан тышкары, тараптар газ, мунайзат, транспорттук-логистикалык, туризм чөйрөлөрүндө, жарандык авиация жаатында алака түзүү боюнча пикир алышты.

Ирандын биринчи вице-президенти Эсхак Жахангири Кыргызстанга өлкөлөр ортосундагы визалык режимди жеңилдетүү жөнүндө маселени кароону сунуш кылды. Соода жүгүртүүнүн учурдагы көлөмү өлкөлөр ортосундагы кызматташтыктын азыркы дараметине жана мүмкүнчүлүктөрүнө толук кандуу жооп бербестигин айткан Мухаммедкалый Абылгазиев жана Эсхак Жахангири тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине биргелешкен иштерди активдештирүүнү тапшырышты.

Кызматташтыкты кеңейтүүнүн алкагында жакынкы мезгилде артыкчылыктуу багыттар боюнча өлкөлөр ортосундагы кызматташтык маселелеринин деталдарын иштеп чыгуу үчүн өкмөттөр аралык комиссиянын жыйыны болот.

Ирандын биринчи вице-президенти Эсхак Жахангири Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди ыңгайлуу учурда Иранга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>