Иранда таасирдүү генералды жерге берүү учурунда 35 адам тебелендиде калып өлдү

Иранда таасирдүү генералды жерге берүү учурунда 35 адам тебелендиде калып өлдү

Ирандын Керман шаарында “Кудс” тандалма аскер бөлүгүнүн башчысы, генерал Касем Сулейманини акыркы сапарга узатуу зыйнаты учурунда 35 адам тебелендиде калып өлдү. Бул тууралуу жергиликтүү IRIB телеканалга таянып  “Интерфакс” жазды.

Басылманын маалыматына караганда, дагы 48 адам ар кандай жараттарды алган.

 “Тилекке каршы коштошуу зыйнаты учурунда бир нече адам тебелендиде калып каза болуп, кыйла адам ар кандай жаракаттарды алып ооруканага жеткирилди. Учурда каза болгондордун өздүгү такталууда”, — деген Тез жардам кызматынын башчысы Пир Хосейн Куливанд.

Таасирдүү генерал менен коштошуу зыйнаты бүгүн, 7-январда эрте менен башталган.

Белгилей кетсек, генерал Касем Сүлеймани 3-январда  Багдад эл аралык аэропортуна жасалган АКШнын аба соккусунан каза болгон.

Пентагондун расмий маалыматына караганда, генерал  Трамптын буйругунун негизинде өлтүрүлгөн.

Генералдын өлтүрүлүшүнө байланыштуу  Тегеран шаарында миңдеген адам митингге чыккан.  Иран бийлиги Сүлейманинин өлтүрүлүшү боюнча АКШга жооп кайтарыла турганын эскерткен.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>