Ири уруулукка шектелип, Ысык-Көл облусунун 25 жана 34 жаштагы тургундары кармалды

Ири уруулукка шектелип, Ысык-Көл облусунун 25 жана 34 жаштагы тургундары кармалды

Криминалдык милиция кызматкерлери Жайыл районунда ири уурулукка шектүү эки адамды кармады. Бул тууралуу Чүй ООИБден билдиришти.

24-апрелде Бөксө-Жол айылынын 60 жаштагы тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Белгисиз адамдар 5 миллион сомду жана 12 миң долларлык алтын буюмдарын уурдап кеткен. Факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 200-беренеси («Уурулук») боюнча катталып, тергөө башталган.

Шектүүлөр бараткан унаа «Коопсуз шаар» долбоорунун камерасына түшүп калган. Алардын бири июнь айында Бишкектен кармалган. Натыйжада кылмышка шектүү катары Ысык-Көл облусунун 25 жана 34 жаштагы тургундары колго түштү. Шектүүлөр Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>