Исаев: Текебаев президенттин колуна бүт бийликти топтоп берген

Исаев: Текебаев президенттин колуна бүт бийликти топтоп берген

Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаев Kabarlar.kg сайтына берген маегинде “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин президенттин бүт бийликти колуна топтоп алышына салымы чоң экенин айтты.

 “Бизде баш мыйзамда жазылган эрежелерди түз түшүнбөө керек, жазылбаган эрежелер да бар. Конституцияны Өмүрбек Чиркешович өзү жазган. Керек болсо өкмөт башчыларды кызамттан кетирип, президенттер бүгүнкүдөй ашыкча ыйгарым укуктарга ээ болушуна Текебаевдин өзүнүн салымы чоң. Биз президенттин укуктарын азайтабыз десек муну эл чечиши керек. Азыр президент тышкы саясатты аныктайт, башка маселелерге да жооптуу, — деди Исаев.

Белгилей кетсек, Өмүрбек Текебаев президент Сооронбай Жээнбековдун 25-декабрда өткөн маалымат жыйынына карата пикир билдирип, президент ыйгарым укуктардын барын өзүнө алып алгандыгын айткан.

Мындан кийин Жогорку Кеңештеги “Бир Бол” фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов  мурдагы президент Атамбаевдин колуна бүт бийликти карматкан адам Текебаев болгонун айтып чыккан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>