Ишкер айымдардын өзгөчө окуяларын чагылдыруу максатында журналисттерге сынак жарыяланды

Ишкер айымдардын өзгөчө окуяларын чагылдыруу максатында журналисттерге сынак жарыяланды

Ишкерлик менен алектенген аялдардын жашоосундагы мыкты окуяларды чагылдыруу үчүн  журналисттер арасында #ISHKERAYIM сынагы жарыяланды. Бул тууралуу сынакты уюштуруп жаткан ​​​​​​​“Курак” Аялдар Форуму” коомдук бирикмесинен кабарлашты.

Аталган сынак 19-ноябрь күнү белгилене турган, аялдар ишкерлигинин глобалдуу күнүн майрамдоого арналат.

​​​​​​​Сынактын максаты – аялдарды жеке бизнесин баштап, жүргүзүүгө шыктандыруу, каалоо менен өжөрлүк болгон учурда кесибине, жашаган жерине, жана курагына карабастан бардык айымдар ишкерлик менен алектене аларын көрсөтүп берүү.

​​​​​​​Сынакта төрт номинация жарыяланган:

  • мамлекеттик тилдеги эң мыкты видеоматериал;
  • расмий тилдеги эң мыкты видеоматериал;
  • мамлекеттик тилдеги интернет-басылмалардагы эң мыкты макала;
  • ​​​​​​​расмий тилдеги интернет-басылмалардагы эң мыкты макала.

Сынакка материалдары интернетте жеткиликтүү болгон өлкө аймангындагы электрондук ЖМКларынын (ТВ, интернет) журналисттери катышса болот. Сынакка катышкан ар бир автордун же редакциянын эмгектеринин саны чектелген эмес.

Сынакка катышууну каалаган журналисттер kurak.kg сайтындагы катышуучунун анкетасын толтуруп, сынакка катышуучу макаланын шилтемесин “#ISHKERAYIM сынагына” деген белгиси менен 1-ноябрга чейин konkurskurak.kg@gmail.com электрондук дарегине жөнөтүшү зарыл. Толук маалыматты бул жерден аласыз.

“Курак» Аялдар Форуму” коомдук бирикмеси бизнестеги аялдарды, алардын үй-бүлөлөрүнүн жашоосунун экономикалык абалын жакшыртууга колдоо көрсөтүп келет.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>