Издөөдө жүргөн террордук уюмдун мүчөсү кармалды

Издөөдө жүргөн террордук уюмдун мүчөсү кармалды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети  издөөдө жүргөн эл аралык террордук уюмдун мүчөсүн кармады. Түзүмдүн жиберген маалыматына караганда, Х.М. атууу 1995-жылы туулган Жалал-Абад облусунун тургуну “жалданмачылык” боюнча издөөдө жүргөн.

Ал 2015-жылы Сирияга кетип, диверсиялык-террористтик атайын даярдыктан өтүп жана эл аралык террористтик уюмдун мүчөсү болуп Сирия өкмөтүнө каршы согушка катышкан.

Кылмыштуу максаттарын жашыруу үчүн КМШ мамлекеттеринин биринде эмгек мигранты катары жашырынып жүргөн.

Азыркы убакта “Х.М.” убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө жүрүп жатат.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>