Көчмө клиника Кара-Кулжадагы алыскы айылдардын жашоочуларын текшерди

Көчмө клиника Кара-Кулжадагы алыскы айылдардын жашоочуларын текшерди

Ош облустук оруканасынын көчмө клиникасы Кара-Кулжа районунун Ой-Тал, Кара-Таш, Сары-Бээ жана Терк-Суу айылдарында медициналык акысыз текшерүүлөрдү өткөрүштү. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.

Жалпысынан  ак халатчандарга 145 адам кайрылган. Алардын 116сы аялдар болсо 29у эркектер. Аялдардын 96сы гнекологдордун текшерүүсүнөн өткөн. Алардын тогузу кош бойлуу аялдар.

Алыскы айылдардын тургундары офтальмолог, отоларинголог, эндокринолог, кардиолог, педиатр, гинеколог, невропатолог, маммолог, уролог доктурлар текшерүүдө. ВИЧ/СПИДге жеринен анализ тапшырышкан.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча 25 адам Ош облустук клиникалык оруканасына , 15 адам  онкология жана гематология боюнча улуттук центрге, 17 адам Кара-Кулжа райондук аймактык оруканасына жиберилген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>