Күрп-Сай ГЭСине Турдакун Усубалиевдин ысымы ыйгарылды

Күрп-Сай ГЭСине Турдакун Усубалиевдин ысымы ыйгарылды

Көрүнүктүү мамлекеттик ишмер жана Кыргыз Республикасынын Баатыры Турдакун Усубалиевдин ысымы Күрп-Сай ГЭСине ыйгарылды. Бул тууралуу луттук энергохолдингдин жетекчиси Айтмамат Назаров билдирди.

Айтмамат Назаров белгилегендей, Турдакун Усубалиев республиканы 25 жыл жетектеп өлкөнүн өнүгүүсүнө баа жеткис салым кошкон. Республиканын жетекчиси мезгилинде ал өлкөнүн экономикалык негизин түзүүгө жана бекемдөөгө көбүрөөк көңүл бурган, ондогон ири ишканаларды жүргүзгөн.

Бүгүн, 6-ноябрда Улуттук филармониясында Турдакун Усубалиевдин 100 жылдык мааракесине арналган иш-чарада өттү.  Анда президент Сооронбай Жээнбеков сөз сүйлөп, Усубалиевдин ысымын Бишкектеги эски аянтка жана борбор калаанын райондорунун бирине ыйгарууну сунуштады.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>