Көбүнчө жаш балдар ооруп жатат! Сасык тумоону алдын алуу үчүн министрликтин кеп-кеңеши

Көбүнчө жаш балдар ооруп жатат! Сасык тумоону алдын алуу үчүн министрликтин кеп-кеңеши

Өлкөдө сасык тумоо менен ооруканага кайрылгандар өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу аз.  Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирүү таратты.

Оперативдик маалыматка ылайык, быйылкы жылдын ушул мезгилине карата 5182 учур катталган. 2018-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 22% төмөндөшү белгиленген. (2018ж. 8628 учур катталган)

Курч респиратордук вирустук инфекциялар көбун эсе 14 жашка чейинки курактагы балдар арасында көбүрөк катталып, ооруга чалдыккандардын ичинен 74% түзөт. Бейтаптардан алынган анализдерди лабораториялык изилдөөнүн негизинде сасык тумоонун А H3N2 жана В түрлөрүнүн жүрүшү аныкталып, Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (БДССУнун) божомолуна дал келет.

Ооруну алдын алуу жана эпидемияга каршы иш-чараларды өз убагында өткөрүү максатында окуучулардын жана мектепке чейинки билим берүү мекемелердеги балдар арасында оорунун мониторинги күчөтулгөн. Окуучулар арасында сасык тумоо жана КРВИ аз кездешип, мектептердин жабылышы катталган жок. 

 Алдын алуу чаралары:

  1. Туура тамактануу жана активдүү болуу зарыл.
  2. Эгер балдырыныз же сиз ооруп калсаныз үйдө болуп, балдарды мектепке, бала бакчага жибербениз.
  3. Оорубаш учун жотолуп чүчкүруп жаткан адамдардан алыс болуу зарыл.
  4. «Жөтөлүү этикетин» сактап жөтөлгөндө жана чүчкүргөндо ооз мурунду жабып чүчкүрүү жана ооз, көз, мурунду кармоодон алыс болуу зарыл.
  5. Дайыма колду самын менен жууп же спирт аралашкан кол тазалагычтар менен сүрүү зарыл. (айрыкча, ооз, мурунду кармагандан кийин)
  6. Эгер мүмкүн болсо, топтошкон жерлерде жүрүү мөөнөтүн кыскартуу.
  7. Дайыма терезелерди ачып, бөлмөнү желдетип туруу.
  8. Эгер сиз ооруп калсаныз, үй-бүлөнүздүн башка мүчөлөрүнө жуктурбаш үчүн медициналык бет кап тагыныныз жана аны 4 саат сайын алмаштыруунуз зарыл.
  9. Бейтапты өзүнчө бөлмөгө бөлүп, өзүнчө идиш, бет арчы менен камсыз кылып, бөлмөнү тазалап желдетип туруу.
  10. Дарыгерге кайрылуу зарыл (дарыгерди үйгө чакырып) – дарыгер гана туура дарыланууну сунуштайт!
  11. Өзүнөрдү өзүнөр дарылоодон алыс болгула, анткени өзүн өзун дарылоо оорунун ар кандай оордоршуна алып келүүсү мүмкүн.
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>