Көчмөндөр оюндары: “Манас-Ордо” комплексине канча боз үй тигилген? (сүрөт)

Көчмөндөр оюндары: “Манас-Ордо” комплексине канча боз үй тигилген? (сүрөт)

Улуттук көчмөндөр оюндарынын маданий программасы көрсөтүлө турган Таластагы  “Манас-Ордо” комплексине 300гө жакын боз үй тигилди. Бул тууралуу Репортер агенттигине Көчмөндөр оюнунун региондор боюнча башкы режиссеру Зарылбек Молдобакиров айтып берди.

Анын айтымында эң көп боз үйдү Талас облусу тиккен. 

“Талас районунан 38 боз үй тигилген,19 боз үй конок үй болсо, калган 19 боз үйүдө тамак-аш даярдалат. Кара-Буура жана  Манас райондору  15тен боз үй тигишкен. Ал эми  Бакай-Ата району 14 боз үй тиккен. Этно-шаарча уникалдуу проект болуп, ал жакка 100дөй боз үй тигилди. Ал эми ар бир облус 9дан боз үй тиккен”, — деди ал.

Белгилей кетсек, Таласта өтүп жаткан Улуттук көчмөндөр оюндары 16-сентябрда спорттук оюндар менен башталган. Ал эми маданий программалар 19-сентябрда «Манас Ордо» комплексинде башталды. Иш-чаранын ачылыш-жабылыш аземдери 21-сентябрга белгиленген.

Автор: Эркеайым Рысмамбет кызы, сүрөт: Максат Боромбаев

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>