Көчмөндөр оюндары: Ош шаарынын улакчылары Баткен курамасына жеңилип калды

Көчмөндөр оюндары: Ош шаарынын улакчылары Баткен курамасына жеңилип калды

Талас облусунда өтүп жаткан Улуттук көчмөндөр оюндарындагы көк-бөрү боюнча мелдеште Баткен облусунун командасы Ош шаарынын курамасын 6:5 эсебинде жеңип алды.

Белгилей кетсек, Көк-бөрү оюнунун экинчи күнүнө  3 беттеш белгиленген. Эрте менен Талас командасы Нарын облусун 12:2 эсеби менен жеңип алган. Андан кийин Ысык-Көл облусу менен Жалал-Абад облусунунун улакчылары  беттешип, Жалал-Абад курамасы 9:2 эсеби менен жеңилген.

Көк-бөрү  боюнча мелдешке  Кыргызстандын жети дубанынан 9 команда катышууда.

Командалар чүчүкулак аркылуу үч тайпага бөлүнгөн.

«А» тобу: Ош облусу, Нарын облусу, Талас облусу;

«В» тобу: Бишкек шаары, Ысык-Көл облусу, Жалал-Абад облусу;

«С» тобу: Чүй облусу, Баткен облусу, Ош шаары

Айта кетсек, Улуттук көчмөндөр оюндарын 16-сентябрда башталган. Ал 21-сентябрга чейин уланат.

Автор: Аскарбек Сүйүнали уулу
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>