Көкөмерен дарыясына унаасы менен түшүп кеткен Чүй облусунун аппарат башчысы Абдылдаевдин жана анын айдоочусунун сөөгү табылды

Көкөмерен дарыясына унаасы менен түшүп кеткен Чүй облусунун аппарат башчысы Абдылдаевдин жана анын айдоочусунун сөөгү табылды

Унаасы менен Көкөмерен дарыясына түшүп кетти делип изделип жаткан Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппарат башчысы Молдакун Абдылдаевдин жана анын айдоочусунун сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кечээ, 2-июнда билдирди.

Маалыматка ылайык, Молдакун Абдылдаевдин сөөгү саат 20:00 чамасында Жумгал районундагы Арал айылынан 12 чакырым алыстыкта табылып,  ал эми аталган айылдын тушунан унаанын айдоочусунун сөөгү табылган.

Учурда табылган жарандардын сөөгү ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Издөө иштери кечээ кеч кирип кеткендигине байланыштуу токтотулган. Бүгүн эртең менен кайрадан издөө иштери жүрүп башталмак.

30-июнь күнү саат 13:30 чамасында Жайыл РИИБине Көкөмерен суусуна унаа түшүп кеткени тууралуу күбөлөрдөн билдирүү келип түшкөн. Кырсыкка учурагандар ошол күнү Кожомкул Каба уулунун 130 жылдык мааракесине бараткан. Унаанын ичинде беш адам болгону айтылууда. Издөө иштерине 100гө чукул адам тартылган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>