Кадамжай шаарынын тургуну өз аялын бычактады

Кадамжай шаарынын тургуну өз аялын бычактады

Кадамжай шаарында  өз ара пикир келишпестиктен улам күйөөсү аялын бычак менен жардар кылды. Бул тууралуу Баткен облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалым болгондой, жубайлар 20-февраль күнү кечке маал уруша кеткен.

“Күйөөсү колунда иштетип жаткан бычагын аялын көздөй кокусунан шилтегенде, аялынын сол жак бөйрөгүнүн үстүнө сайылып кеткен. Учурда жабырлануучу ооруканда, абалы туруктуу”, — деп билдирди басма сөз катчы.

Бул факты Ден соолукка анча оор эмес зыян келтирүү беренеси менен бирдиктүү реестрге катталып, азыркы күндө текшерүү иштери жүрүп жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>