Кадырбеков: Мага эл ишеним менен карашчу, музейдеги иш чарадан соң уялып жатам

Кадырбеков: Мага эл ишеним менен карашчу, музейдеги иш чарадан соң уялып жатам

Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт искусство музейи “Кормилица” деп аталган Эл аралык заманбап искусство көргөзмөсүндө кыздар жылаңач денесин көргөзүп жүргөн. Аталган көргөзмө коомчулук тарабынан курч сынга алынып, Маданият министрлигине бир топ көө жапканы айтылууда.

REPORTER.KG маалымат агенттигине Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Нуржигит Кадырбеков 28-ноябрда Феминалленилердин өткөргөн иш-чарасына атайын комиссия түзүлгөнүн жана аларга карата чара көрүлөрүн билдирди.

Ал эми социалдык тармактарда Нуржигит Кадырбековго карата дагы айтылган сындардын аягы токтой элек. Кадырбековго коомчулук тарабынан айтылган терс пикирлерге өзү мындайча жооп берди: «Мага карата айтылып жаткан коомчулуктагы терс пикирлерге уялып жатам. Элдин ар бир айткан сынын туура көз караш менен кабыл алам. Анткени алар мага ишеним менен карашчу. Анан эле биздин министрликте кыргыздын каада-салтына туура келбеген иш-чара болуп кеткени абдан өкүнүчтүү. Жеке пикиримде да айтат элем. Бул кыргыздын наркын-салтын бузгандыкка барабар. Качан эле бизде кыздар жылаңач денесин көргөзчү эле», — деп белгиледи Нуржигит Кадырбеков.

Бул көргөзмөнүн авторлорунун алдын ала ойлогон максатына ылайык аялдардын экономикалык жактан эркиндиги жөнүндө темага коомчулуктун көңүлүн буруу болгон. Ал эми Маданият, маалымат жана туризм министрлиги искусство үйүндө жылаңач денесин көрсөткөн кыздардын болуусуна каршылыгын билдирет жана заманбап искусствонун мындай провокациялык чакырыктарын колдобойт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>