Камчыбек Ташиев жакында чоң ата болот — фото

Камчыбек Ташиев жакында чоң ата болот — фото

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Камчыбек Ташиев тун небересин күтүүдө. Саясатчынын уулу Таймурас Ташиев былтыр 30-октябрда модель Эрекайым Абдуллаева аттуу кызга баш бошкон.

Ташиевдин модель келини инстаграм баракчасына жарыялаган сүрөттөрүнө катталуучулары аман-эсен көз жарып алышын каалап, жакшы тилектерин арнашууда.

Белгилей кетсек, саясатчынын улуу баласы Таймурас Ташиев 6-октябрда сүйүктүүсүнө кыргыздын каада-салты менен сөйкө салып кеткен. Андан соң Бишкектеги тойканалардын биринде эки жаштын үйлөнүү үлпөт тою болгон.

Эркайым Абдуллаева «Миллиондук мелдеш 2» тасмасына жана бир катар клиптерге тартылган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>