Камчыбек Жолдошбаев: Билим берүү тармагы «жыргализмде» жашап жатыптыр, кыргызчага которгондо «кайф» деп коет (видео)

Камчыбек Жолдошбаев: Билим берүү тармагы «жыргализмде» жашап жатыптыр, кыргызчага которгондо «кайф» деп коет (видео)

«Билим берүү тармагы сиз айткан боюнча «жыргализмде» жашап жатыптырбыз. Аны кыргызчага которгондо «кайф» деп коет экен. Ак-Талаа районундагы бир дагы мектепте шарт жок. Ал жактагы мектеп директорлордун мойнуна акимдер минип алган. Кээ бир акимдер мектептин ичине кирип дагы көргөн эмес». Мындай пикирин бүгүн, 25-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Камчыбек Жолдошбаев билдирди.

Аталган жыйында Кыргызстандагы билим берүү уюмдарынын окуучуларынын тамактануусуна багытталган мыйзам долбоору экинчи окууда каралууда.

Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова мектептердеги көйгөйлөрдү ачык айтып жатканын билдирип, кээ бир окуу мекемелерде такыр шарттар жок экенин кошумчалады.

Жолдошбаев билим берүү министринин орун басарына кайрылып: «Сиз тилиңиз менен кытайдын чебин куруп жатасыз. Мыйзам долбоору жакшы, бирок аткарган ишиңер чала болуп жатат».

Эл өкүлдөрү Мектеп окучуларын  толук ысык тамак менен камсыз кылуу тууралуу сунуштарын бершүүдө.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>