Каптагаев башкы прокурорго кайрылып, Жапаровдун ишин кайра тергөөнү суранды

Каптагаев башкы прокурорго кайрылып, Жапаровдун ишин кайра тергөөнү суранды

Өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча мурдагы өкүлү Эмилбек Каптагаев Садыр Жапаровдун иши боюнча башкы прокурорго кайрылды. Саясатчы кайрылуу катын Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.

“Урматтуу Өмүрбек Асылбекович мен сизге социалдык тармак аркылуу ачык кайрылууну туура көрдүм. Башкы прокуратура да коом үчүн өтө маанилүү маселе боюнча ачык жооп берет деп ойлойм, — деп баштайт ал кайрылуу катын.  

“Садыр Жапаровдун  кылмыш ишине катыштыгын  тастыктаган бир да күбө жок . Менин дагы Жапаровко эч кандай дооматым жок, ал ошол күнү Кара-колдо болгон эмес. Жапаров Кенжебек Жумабаев аттуу адамдын көрсөтмөсүнүн негизинде11 жыл 5 айга абакка кесилди. Кийин Жумабаев жалган көрсөтмө бергени боюнча 8 жылга эркинен ажыратылып, азыр эркиндикте жүрөт.

Садыр Жапаровго козголгон кылмыш ишти кайрадан карап, Кенжекбек Жумабаевдин аракети боюнча кайрадан тергөө жүргүзүүнү суранам. Эгер ал чынында эле калп айтса Садыр Жапаров акталып, Жумабаевдин кадамдарына укуктук баа берилиши кере”, — деп жазган.

Эске салсак, Садыр Жапаров 2013-жылы Караколдо өткөн митингде Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди “барымтага алган” деген айып менен 11 жыл алты айга кесилген. Ушул жылдын апрель айында Жогорку сот анын жаза мөөнөтүн 1,5 жылга кыскартып, он жылын калтырган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>