Кара-Балтада батирден жансыз денеси табылган энеси менен кызы өлүм алдында калтырган каты табылды

Кара-Балтада батирден жансыз денеси табылган энеси менен кызы өлүм алдында калтырган каты табылды

Кара-Балта шаарында эки аялдын (энеси жана кызы) жансыз денеси табылган батирде өлүм алдында жазылган кат табылды. Бул тууралуу Turmush басылмасы жеке булактарына шилтеме кылуу менен жазды.

Ал катта аялдар алардын өлүмүнө эч кимди күнөөлөбөөнү өтүнүшкөн. Мындан тышкары, алар батирди кимге калтырышканын, аларды акыркы сапарга узатуу үчүн каражатты кайда коюшканын жазышкан.

Кээ бир маалыматтарга караганда, үч бөлмөлүү батирди алар үй кызматкерине калтырышкан.

Буга чейин маалымдагандай, 5-декабрда саат 17:00 чамасында шаардын Спорт кварталында жайгашкан батирде эки аялдын денеси табылган. Алар канча убакыттан бери жатканы белгисиз.

Маркумдар 1948-жылы туулган Л.П. — шаардагы белгилүү психоневролог жана анын 1979-жылы туулган С.П. аттуу кызы экендиги аныкталган. Кызы юрист болуп иштечү, жолдошу менен ажырашкан.

Маалым болгондой, апасы акыркы жылдары катуу ооруп, аз кыймылдачу. Ал эми кызы кандайдыр бир дары-дармектерди колдонуп жүргөн. Алар таанышын 5-декабрга чакырышканы айтылууда.

Психоневрологдун мурунку жолдошу шаарда дарыканалар тармагына ээлик кылат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>